Кечээ, 24-апрелде Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун тургуну Нурхан апа ажыга баруу үчүн топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берген.

“Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди”,- дейт Нурхан эне.

Нурхан апанын бул кадамын эл алкоого алып,  батасын берип, ажыга баргандан артык иш жасады деп ыраазы болушууда.