Эртең, 26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу жок болот. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 21:00гө чейин Л.Толстой — М.Горький (Пригородное айылы) көчөлөрү, Алыкулов көчөсү — Ала-Арча суусу менен чектелген райондо, ошондой эле Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, “Достук” кичирайонунда суу жок болот.

Суу турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо жана социалдык объектилерде жана өнөр жай ишканаларында дагы өчүрүлөт.

Суу кампаларындагы оңдоп-түзөө жылына эки ирет жүргүзүлөт.