Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борбору өз ишмердүүлүгүн иштиктүү алып барууда.

Техника жана технологиялардын өнүгүшүнө карабастан, кызматтык иттер мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринин алмаштырылгыс жардамчысы болуп саналат. Көбүнчө инструктор-кинологдордун кесипкөйлүгүнөн жана иттин даярдыгынан объектини ишенимдүү коргоосу, кылмышкерлерди издөөсү, баңгизаттарды жана жарылуучу заттарды табуусу көз каранды.

Кызматтык иттер дагы деле болсо курал-жарактарды, баңгизаттарды табуунун мыкты каражаты болуп саналат, оор кылмыштардын бетин ачууга көмөктөшөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы