Бүгүн, 26-апрелде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 17…22, Таласта 16…21, Ысык-Көл жана Нарында 15…20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 22…27 градус ысык болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 19…21 градус болот.