Ош шаарында Орозо айынын урматына бир катар кичи автобустар элди бекер ташып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акысыз кичи автобустар №107, №127, №125, №142 маршруттук линиялар боюнча катташат.
Муниципалитет белгилегендей, мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет.