Америкалык ишкер жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алуу боюнча келишим түздү, деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө. Келишимге кол коюлгандан кийин Twitter жеке компанияга айланат.

14-апрелде Маск Twitterди «дүйнө жүзү боюнча сөз эркиндигинин принциптерин сыйлаган» платформага айландыруу үчүн компаниянын бардык ачык сатылган акцияларын бир акциясын 54,2 доллардан кайра сатып алууга даяр экенин билдирген.

«Twitterдин Директорлор кеңеши Илондун сунушуна кылдат жана ар тараптуу баа берип, баасына, аныктыгына жана каржылоосуна көңүл бурган. Сунушталган транзакция олуттуу акчалай бонус алып келет жана биз бул Twitter акционерлери үчүн эң жакшы жол деп эсептейбиз», — деди Брет Тейлор, Twitterдин көз карандысыз төрагасы.