25-апрелден тарта КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекистанда өтүп жаткан “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” аттуу эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып жатат. Көргөзмөгө Кыргызстандын “Жеңил өнөр жай” ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов баштаган бул тармактын ондогон өкүлдөрү да катышууда. Бул иш чара 27-апрелде аяктайт.

Эл аралык көргөзмөнүн “Борбордук Азия: Технологиялык секириктин мейкиндиги” аттуу сессиясындагы министр Д. Амангелдиевдин сөзүн кыскартуу менен беребиз:

— Кыргызстанда өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү үчүн инвесторлорго экономикалык, укуктук жагымдуу шарт түзүүгө көп аракеттер көрүлүп жатат. Ошон үчүн бул багытта Президенттин тиешелүү жарлыктары чыгып, Салык кодексинин азыркы заманбап талаптарга жооп берген жаңы редакциясы кабыл алынды. “Баткен облусунун макамы жөнүндө” КР мыйзамы кабыл алынып, облуста мамлекеттик кепилдиктер менен камсыздалган өзгөчө салык жана инвестициялык режим киргизилди. Мындан башка “Мамлекеттик — жеке менчик өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынып, анда жаңы долбоорлорго мамлекеттин катышуусу инвестициянын коопсуздугун камсыздайт.  Бул тармакка инвестицияны активдүү тартуу үчүн, мамлекет менен жеке менчик бизнес ортосундагы долбоорлорду текшерүүгө  беш жылдык мораторий киргизилген.

Ал эми ишкерлерди жеткиликтүү кредиттер менен камсыздоо үчүн Кыргыз-өзбек фонду түптөлүп, бул фонд аркылуу жаңы долбоорлорду каржылоо каралууда. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши дагы күчөтүлүп жатат. Ири экономикалык долбоорлорду илгерилетүү, өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттик үлүшү бар чарбалык ишканаларды эффективдүү башкаруу үчүн, “Кыргызиндустрия” ААК, “Көчмөндөрдүн улуу мурасы” ААК, “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААК түзүлдү. Булардын башкы максаты – өнөр жайдагы, жер байлыктарын пайдалануудагы, туризм багытындагы жана экономиканын тиешелүү тармактарындагы долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу үчүн болгон ресурстарды максималдуу концентрациялоо болуп саналат. Бирден бир акционер катары мамлекеттин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүнүн кепилдиктерин берет.

Ал эми Борбордук Азиядан орун алган негизги өнөр жай өндүрүшүнүн тармактары машина куруу багытында боло алат, анын аркасы менен Евразия континентин керектүү тетиктер, техикалар жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоого болор эле. Жеңил өнөр жайындагы буга чейинки соода – экономикалык балансты сактоо үчүн, Кыргызстан жеңил өнөр жайында биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүндүгүн кароону сунуш кылат. Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана тоскоолдуктарды четтетүү үчүн, балким бажы төлөмдөрүн жокко чыгаруу, чек аралардан өтүүнү жөнөкөйлөтүү жана башка чараларды да кабыл алуу зарыл.

Азыркы учурда Жалал-Абад облусунда пахта кластерин түзүү аракети көрүлүп жатат, ал үчүн пахта тазалоо заводун, жип өндүрүүчү заводду, текстиль фабрикасын жана машина-трактордук паркты түзүүнү ишке ашыруу зарыл. Мындан башка Кыргызстан менен Өзбекистандын ишканаларынын катышуусунда 20 гектар жерге май өндүрө турган завод куруу каралып жатат. Биз бул долбоорлор ишке ашуусу үчүн бардык аракеттерди жасашыбыз керек.

Булардан тышкары кыргыз-өзбек биргелешкен долбоору аркылуу Кыргызстанда латекс кол каптарын чыгарууга аракет жасалып жатат. Мунун арты менен жумуш орундары түзүлөт, медициналык мекемелер зарыл материалдар менен камсыз болот. Бул багыттагы иштерди өнүктүрүү гана зарыл.

Азыркы учурда энергиянын жетишсиздигине жана баалардын жогору болушуна байланыштуу, кадимки энергия булактарына караганда кайра калыбына келе турган энергия булактары биринчи планга чыгып жатат. Биз дагы ушул моделге акырындык менен өтүп, башкача айтканда инклюзивдүү жашыл экономиканын инструменттерин жеке менчик сектордун катышуусу менен киргизип, туруктуу өнүгүү жолуна түшүүбүз мезгилдин талабы.

Борбордук Азиянын продукциясынын дүйнөлүк рынокко чыгуусу менен таанышуу максатында мындай өнөр жай көргөзмөлөрүн туруктуу өткөрүп туруу ар тараптан пайдалуу. 2022-жылдын октябрь айында Бишкекте «DEFINDEX-2022» аскер өнөр жайы боюнча биринчи эл аралык көргөзмө өткөрүү пландалып жатат. Анын максаты сатуу рыногун кеңейтүү, ишкердик процесстерди активдештирүү жана ар бир катышуучунун жаңы өнөктөштөрдү табуусуна көпүрө болуп берүү. Бардыгыңыздарды катышууга чакырам.