2022-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында  «Айыл чарбасындагы жана айылдык өнүгүүдөгү гендердик-трансформациялык натыйжалар: GALS жана BALI ыкмаларынын жыйынтыктары жана келечеги» деген темада  конференция өткөрүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган иш-чарага   IFAD фондунун региондук директору Самир Бежауинин катышууда.

Конференция GALS (Gender Action Learning System) жана BALI (Business Action Learning for Innovation) ыкмаларынын IFAD фондунун (Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду), БУУ Аялдар түзүмүнүн, WFP (Дүйнөлүк азык-түлүк программасы) жана ФАОнун “Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу биргелешкен программасынын жана IFAD колдоосу менен КР Айыл чарба министрлигинин айыл чарбалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмү ишке ашырып жаткан “Рынокторго чыгууну камсыздоо” (ПОДР) долбоорунун алкагында гендердик теңчиликти илгерилетүүдө жана укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө колдонуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү максатында уюштурулган.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга ыкмаларды колдонуунун натыйжаларынан тышкары Кыргызстанда бул ыкмалардын пилоттук негизде колдонуунун тарыхы, өлкөдөгү кейстер (мисалдар) жөнүндө кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилди. Ошондой эле GALS Чемпиондорунун (коомчулукта ыкмаларды жайылтуучу адамдар) чыгып сүйлөшү каралган.

Конференция IFAD жана CDA (Коомчулукту Өнүктүрүү Альянсы) коомдук уюму тарабынан уюштурулган.

Маалымат үчүн:

GALS — бул гендердик сезимтал иш-аракеттерди изилдөө, аныктоо, жүзөгө ашыруу жана мониторинг кылуу тутуму болуп саналат. Бул инновациялык ыкма биргелешип катышуу принциптерине негизделген жана үй чарбалары менен коомчулуктардын деңгээлинде ишке ашырылат. Аталган усулдук зор натыйжаларды бере алат, анын дүйнөнүн өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө кеңири жайылып жатышы да ушуга байланыштуу болуп саналат. Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда ГАЛС усулдугу алгачкы жолу IFAD тарабынан БУУ Аялдардын, IFAD, UN WFP жана FAOнун «Элеттик аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” Биргелешкен программасынын алкагында ишке киргизилип, жайылтыла баштаган.

BALI – бул гендердик сезимтал инновациялык бизнес-долбоорлорду аныктоо, пландоо жана жүзөгө ашыруу тутуму жана GALS (Gender Action Learning System) усулдугунун ырааттуу бир бутагы болуп саналат. BALI максаты – бейстандарт жана инновациялык өнүмдөр менен кызмат көрсөтүүлөрдү табууга жардамдашуу, бизнести пландоодо жана жүзөгө ашырууда гендердик аспектилерди эске алуу, бизнестин бир нече түрүн бир эле убакта башкара билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү жана муну менен киреше булактарын көбөйтүп, алардын туруктуулугун камсыздоо. BALI усулдугу 2018-жылдын ноябрь айында Линда Мэйо тарабынан Асель Куттубаева (CDA) менен биргеликте (авторлош) «Элеттик аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” программасынын алкагында иштелип чыккан.