Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев пенсиялык реформага каршымын деген пикирин “Kadam-media.kg” маалымат порталына билдирди.

«Урматтуу жарандар, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу,Социалдык фонд Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде иштеп жаткан аскер жана жарандык пенсионерлердин эмгек акысына кошумча алуучу, өз мээнети менен жеткен мамлекеттик пенсиясынан ажыратуу тууралуу өзгөртүүлөрдү демилгелеген.

Ушуга байланыштуу, мен бул демилге боюнча өз көз карашымды билдирип коюуну туура көрүп турам.

Баарыбызга маалым болгондой, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган күндөн тартып, биздин Куралдуу Күчтөрүбүз жана башка күч түзүмдөрүбүз Кыргыз Республикасынын күч органдарын түзүү жана жабдуу жагынан улам өзгөрүүлөргө дуушар болгон жана булар менин оюмча, республиканын күч түзүмдөрүн калыптандырып (түзүп) баштаганда кадрдык курамдын кесиптик даярдыгына, күжүрмөн жана атайын даярдыгына, материалдык-техникалык базасына терс таасирин тийгизген.

Акыркы жылдары гана мамлекет тарабынан республиканын күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, кадрларын даярдоо, аскер кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга тийиштүү көңүл бурула баштады. Кесипкөй аскер кызматкери болууга умтулган жаштардын саны барган сайын арбып, республикада аскердик кызматтын кадыр-баркы акырындык менен өсүп, аскер адистеринин ишин таштап кетүүсү азайып баратат. Мунун баары республиканын күч түзүмдөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана кадыр-баркын жогорулатуу боюнча мамлекеттин эбегейсиз зор иштерди жасаганын жана жасап жатканын көрсөтүп турат.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд тарабынан демилгеленген пенсиялык реформага өзгөртүүлөр аскердик кызматтын кадыр-баркын, күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга болгон мамлекеттин күч-аракетин заматта жокко чыгарышы мүмкүн, эң эле кооптуусу, республиканын аскер кызматчыларынын күч түзүмдөрүн таштап кетүүсүнө алып келиши ыктымал.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары, баарынан мурда республиканын күч органдарында кызмат өтөгөн адам катары, күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу боюнча мамлекеттин ушул аракеттеринин бардыгын өз көзү менен көргөн адам катары, мен бул демилгеге макул эмесмин жана караманча каршымын. Кыргыз Республикасынын Президенти – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Жапаров Садыр Нургожоевич башында турган, Кыргыз Республикасынын жетекчилиги, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча, аскер кызматкерлеринин бардык муктаждыктарын камсыз кылуу менен, анын ичинде алардын олуттуу эмгегин акчалай таризде татыктуу баалоо боюнча иш-чараларды көрүп жатышкандыктан, менин кесиптештерим, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары да, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бул демилгесине каршы болушат деп ойлойм» – деп айтылат маалыматта.