Кечээ, 25-апрелде, Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк Кеңеши менен бирге “Көчмөн сыры” аталышында семинар өткөрдү.

Иш-чара жаратмандарды, кол өнөрчүлөрдү, чыгармачыл инсандарды, өлкөбүздөгү авторлордун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, баалоо, барктоо, улуттук баалуулуктарды, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.

Семинарды ачып берип жатып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кыргыз кол өнөрчүлүгү дүйнө жүзүндө жогору бааланарын, чеберлердин жасалгалары өзүнүн экологиялык нукуралуулугу жана тазалыгы менен айырмаланарын айтып өттү.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, кол өнөрчүлүк кылымдан кылымга мурас болуп кала беришине ишенерин билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, чеберлер, дизайнерлер катышты.

Семинардын жүрүшүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгү, аны жайылтуу,  кайрадан жандантуу, өркүндөтүү жана ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө талкуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши жана Кыргызпатенттин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлүп, «Жаз кайрыктары» кол өнөрчүлөрдүн автордук эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.