“Kadam-media.kg” маалымат порталы адаттагыдай окурмандардан келген каттар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул ирет жан дүйнөсүндө катылып жаткан сырларын биз менен бөлүшкүсү келген окурманыбыз кайрылды.

«Саламатсыздарбы “Kadam-media.kg” сайтынын жамааты сиздердин сайттан чыккан тагдырларды үзбөй окуп келем. Бул ирет мен да жан дүйнөмдө катылып жаткан сырларымды сиздер менен бөлүшкүм келди.

Менин атым Жылдыз, жашым 38 де. Баардык эле кыздар сыяктуу мен да аялдык бакытты самап, кыялымда канзаданы элестетип жашап келдим. Жашым жетип турмушка чыктым. Алгач аябай бактылуу сездим өзүмдү. Бирок, мезгил өтүп, мен алданып калганымды, менин иштеген жумушум үчүн эле жолдошум мага үйлөнгөнүн сезгенде экөөбүз эки башка жолго түштүк. Анткени бала тууралуу сөз болсо эле жолдошум өзүн алып кача берет эле. Мага караганда досторуна көп көңүл бөлүп, “акча берип турчу” деп эле сурай берчү. Өзүнүн жумушун сурасам, ар кандай шылтоосу даяр эле. Аны менен турмуш улантуу мүмкүн болбогондо өз жолум менен кеттим.

Арадан убакыт өтүп, бир эжелер аркылуу экинчи жолдошум менен тааныштым. Андан кудай буйруп бир кыздуу болдум. Тилекке каршы, ал да эмгектенгенди жактырбаган, жатып жеген мырза болуп чыкты. Кызым төрөлгөндө кыйла кыйналдым. Аны менен да акырында ажыраштык.

Кызымды апам карап, жумушка чыгып, баягыдай эле тытынып иштеп жүрдүм. Бир ирет жумушта отурсам биринчи жолдошум чалып калды, азыр жумушта экенимди айтып кечинде чалам дедим. А оюмда болсо, менсиз кыйналса керек, кел деп айтат го дегем. Балким оңолуп жумуш тапса элдешип эле алсамбы деп да ойлоп кеттим. Жумуштан чыгып чалсам, бир иштер менен алектенип иши жүрүшпөй жатканын айтып, “акча берип турчу” дегенде үстүмөн бирөө муздак суу куйгандай эле болду. Өзгөрбөптүр. Телефонду өчүрүп салдым, эки-үч күн чалды, акырында номеримди өзгөртүп тындым.

Бир күнү чогуу иштеген байке менин телефонумду досуна берип, аны менен жолуктук. Ал дароо эле аялы каза болгонун көпкө кыйналганын айтып кирди. Менин болсо такыр эле жүрөгүм жылыбай койду. Бир канча убакыт сүйлөшүп жүрдүк, бирок ал деле буга чейин жашаган жолдошторумдай мүнөзү бар экенин байкаганда, жөн эле тааныш болуп жүрөлү дедим.

Кызыгы мындай мырзалардын торуна кантип илинип калам билбейм. Булар алгыча аябай алдып, сенин канча киреше табасың, абалың кандай, үй-жайың тууралуу бүт изилдеп чыгышат өңдүү. Же тытынып иштеп үй-бүлөсүн биринчи орунга койгон мырзаларды “шустрый”  кыздар илип кетеби кандай. Азыр болсо күйөөнүн санын көбөйтпөй  деп эч ким менен таанышпай, өзүнчө эле жашап жатам. Бирок, кээде турмуштун катуу шамалы соккондо, артыңда жөлөк  болчу, ийинене башыңды жөлөп, болгон бугуңду чыгарып алчу мырза керек экен…» деп жазылган окурмандын катында.