Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков ПЦР тесттерди алып салууну сунуштап, Кыргызстанга чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары, этникалык эле кыргыздар келерин белгиледи.

«Канчалаган мекендештерибиз Кыргызстанга келерде ПЦР тесттин жыйынтыгы талап кылынат деп акчалары кетип жатат. Өлкөгө келгенде караган киши жок, кызыккан киши жок. Баягы көптөн, көчтөн калбайлы деп эле киргизип койгонбуз. Азыр Европа туристтик сезон башталды деп ПЦР тесттерди талап кылбай калды. Бир гана биз артта калып жатабыз. Өткөндө бир министрди мактадым эле, ошону чакырып бир маалымат алалычы. Эмне үчүн ПЦР тестти талап кылуу дагы деле сакталып жатат. Эл эле кыйналып жатат. Биз формалдуу жашаган эл экенбиз. Азыр деле эшиктерде «бет капчан киргиле» деген жазуу турат, бирок аткарган киши жок», — деди депутат.