Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат.