Лейлек райондук милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Лейлек районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан “Арсенал” рейддик иш-чарасы уюштурулуп, катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.

Тажикстандын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Ж. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек райондук милициясы тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Белгиленгендей, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.