Бишкектин Свердлов районундагы “Нуркожо Ата” деп аталган конуш 2010-жылдары мыйзамсыз басылып алынган. Ал жерде болжолу беш жүздөй түтүн жашайт. Аталган жаңы конуш “Ак Бата” конушунун этек жагында жайгашкан. Бул конуш алгач “Адилет” деп да аталып жүргөн. Бирок, бул жаңы конуштун  тургундары жашаган аймагын Садыр Жапаров камакта жаткан учурда эле саясатчынын атасынын аты менен “Нургожо ата” конушу деп атоону чечишкен.

Буга чейин конуштун тургундары Мамлекет башчысына жерлерин мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Президент Жапаров башка аймактардагыдай эле турак-жайлар түшүп калган бул тилкелерди мыйзамдаштырып берүүгө макулдугун берген. Бирок, өлкө башчысы конушту башкача атоо өтүнүчүн билдирген. Себеби, Мамлекет башчыбыз “анын атасынын ысымы баласы Президент болуп турган чакта жер аталыштарына берилген” деген сөздөрдүн, атасынын ысымына байланыштуу саясий чайкоочулуктардын болуусун каалабаганын аталган конуштун тургундары билдирди.