Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев айтта  мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды деген чындыкка дал келбестигин билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда тарап жаткан аудиожазуу чагымчыл жана чындыкка дал келбейт.

«Мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудио тасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз», — дейт ал.