Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл өкмөтүнүн Тоскоол айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектебин 2012-жылы бүтүргөн окуучулары (балдар) 10 жылдык мааракени өткөрүүдөн баш тартышты.
Алар ысырапкорчулукка каршы экендигин билдиришип, жакында Индия мамлекетинде боорун алмаштырууга бара турган айылдашына көмөк көрсөтүштү.
Айылдык балдар башка маараке өткөрөм деген жаштарды да ысырапкорчулукка жол бербей, ошол акчаны соопчулукка жумшоого чакырышты.