Нурбек Изабеков: «Айсулуунун калыбына келүүсүнө дагы бир, эки апта убакыт керектелет»
Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекованын калыбына келүүсүнө дагы бир, эки апта убакыт керектелет. Бул тууралуу кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, спортчулар бир жеринен жаракат алса, башка булчуңдарын машыктыра беришет.
“Айсулуу Тыныбекованы медициналык кароодон өткөрдүк. Бир, эки аптанын ичинде калыбына келет. Бирок башка булчуңдары үчүн машыгып жатат. Спортчулар бир жеринен жаракат алса, башка булчуңдарын машыктыра беришет. Спортчулар үчүн бул мыйзам ченемдүү нерсе”, – деди Изабеков.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында япониялык Нонока Озаки менен кез келип, бутунан жаракат алып калган.