Кыргызстан USAIDден 31 миллион сомдук медициналык жабдууларды алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдыктар пандемияга каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүүнүн алкагында өлкө боюнча мекемелерге таратылат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19га тестирлөө убактысын беш сааттан 40 мүнөткө чейин кыскарткан заманбап диагностикалык жабдык – GeneXpert аппараты берилди. Бул технология коронавирусту гана эмес, кургак учук сыяктуу башка инфекцияларды да так аныктай алат.

Мындан тышкары, бөлүмгө видеоконференцбайланыш системасы жана компьютерлер тапшырылды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдууда USAIDдин жардамы абдан маанилүү”, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Ошондой эле Чүй облустук ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Ош шаардык клиникалык ооруканасына ар кандай жабдуулар, анын ичинде көчмө рентген аппараты, видеобронхоскоп, дезинфекциялык камералар жана үлгүлөрдү ташуу үчүн контейнерлер берилет.