«Бишкек жылуулук» ишканасы Эмгекти коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата акция уюштурду. Анын алкагында шаардагы люктардын капкактарын креативдүү жана кооз кылып жасалгалашты.

Мындай акциянын максаты шаардыктардын коопсуздугун креативдүү жол менен камсыздоо.

«Кооздолуп жасалган люктар көзгө дароо көрүнөт жана кырсыктардын алдын алат. Ошол эле учурда шаардыктарга жакшы маанай, калаага кооздукту тартуулайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-апрель — Эмгек укугун коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.