Бишкекте мектептердин биринин дааратканасында дагы бир окуучу кыз сабалды. Аны ур-токмокко алган кыз буга чейин 4-класстын окуучусун сабаган. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-апрелде шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал 25-апрелде мектептин дааратканасына жашы жете элек кызын сүйлөшүүгө чакырып, денесине жаракат келтирген 11 жаштагы Ч.А`га карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ал эми жаракат алган окуучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Мындан тышкары Бишкек ШИИББине бул окуянын бардык катышуучулары чакыртылып, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле алар күбө катары сурак беришти. Ал эми 11 жаштагы Ч.А`нын апасына 102-берене (ата-энелик милдеттен качуу) боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынды. Чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү», — дешти мекемеден.

Буга чейин 4-класстын окуучусу сабалып, №3 балдар ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк ал 11 жаштагы Ч.А. тарабынан ур-токмокко алынганы милиция кызматкерлери тарабынан маалым болгон. Ошондой эле сабаган кыздын апасына 1000 сом өлчөмүндө айып салынган.