Акыркы күндөрү Кыргызстанда иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын жана алардын активдүү лидерлеринин ортосунда ич ара таасир талашуу, тирешүү башталды.

Мунун себеби, баягы эле каражатка барып такалып, АКШдан, Батыштан агылып келген акчалар бардык бейөкмөтчүлөргө бирдей бөлүнбөй жатканында экен. Анткени айрым бейөкмөтчүлөр бөлүнгөн каражатты кожоюндары койгон тапшырмаларга ылайыктап жумшаса, айрымдары каражаттарды жеке кызыкчылыгына жумшап, банктагы эсептерине катып, же болбосо башка да материалдык байлыктарды,  Бишкектен, Ысык-Көлдөн кымбат баадагы мүлктөрдү сатып алууга жумшап, ал эми кожоюндарына көз боёмологон отчеттерду берип келишкен. Алардын мындай арам оюндары акыры ачыкталып, каржы булактары тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, жасаган иштерине жараша акча бөлүнүп, аткарылган иштердин отчету тыкыр суралып,  иликтенип  баштаган.

Ошондо гана булардын ай-күнү тутулуп, эсепсиз, сураксыз акчанын кызыгына батып, кайгы-капасыз жашап жаткан Болот Темиров, Динара Ошурахунова, Али Токтакунов, Рита Карасартова, Токтайым Үмөталиева баштаган бир топ бейөкмөтчүлөрдүн капчыгы кадимкидей жукарып, анан болгон ызасын өздөрүнүн башка тарапташтарынан чыгара башташты.

Буга мисал, бир аз убакыт мурун эле Болот Темиров өзүнүн тарапташы Чолпон Жакупованын үстүнөн жугунду куюп, аны каралаган иликтөө чыгарган. Болбосо Темиров менен Жакупованын жем жеген акыры бир эле. Экөө тең АКШдан, Батыштан бөлүнгөн каражаттын эсебинен жан багып, алардын таламын талашып, саясатын таңуулап келишкен. Болгон айрымачылыгы, Жакуповнын жүргүзгөн иши, аткарган жумушу, Темировдорго салыштырмалуу масштабдуу, реалдуу болуп, коротулган каражаттары ачык көрсөтүлүп кожоюндарын ынандырган. Ал эми, Темировго бөлүнгөн каражаттын жарымынан көбүнүн дайын-дареги белгисиз болуп, максатсыз жумшалып, командасындагы адамдардын көпчүлүгү өзүнүн жакын туугандарынан, кайын журтунан куралып, кыскасы Темиров ЛАЙФ Болот Темировдун жана анын аялы Махабаттын үй-бүлөлүк бизнеси, же акча табуу булагына айланып калган.

Мындан тышкары, командасындагы адамдардын көбү  моралдык жактан бузулуп, ар кандай маңзаттарды колдонуп, үй-жайына барбай ошол иш кеңсесинде эле жашап жатышат. Бул көрүнүш башка да бейөкмөтчү топторго тиешелүү болгон.

Мисалы Али Токтакуновдун иликтөө жүргүзөм деп алган каражаттары аялынын билим алуусуна, окуу акысына, анын чет мамлекеттерге кайра-кайра кинопремьераларга баруусуна жумшалып кеткен.

Кыскасы Токтакунов алган акчасын сапаттуу иликтөөгө эмес, аялынын жеке кызыкчылыгына, анын инсандык өнүгүүсүнө жумшап жиберген. А батыш Алинин аялынын өнүгүүсүн башына урмак беле? Аларга мунун тыйынчалык да кереги жок да. Ушундан улам, каржылоочу тарап бөлүнө турган сумманы кескин азайтып, мунун натыйжасында бир нече бейөкмөтчүлөр жүз миңдеген доллар каражаттан куру жалак калышкан. Ал эми Жакуповага окшогон так иштеген бейөкмөтчүлөр көбүрөөк каржылоого ээ болушкан. Атап айтсак, ушул жылга карата эле Жакупова жетектеген “Адилет” укук клиникасына бөлүнө турган каражат миллион долларды түзгөн. Буга ичи чыкпаган бир катар бейөкмөтчүлөр өздөрүнүн көчүгүн өздөрү чукуп, бир кездерде колтукташып, ынак жүрүшкөн тарапташтарын каралап, ар кандай ушактарды тарата баштады. Булар минтип отурса аз күндө кимден канча каражат алганын, ким-кимдин куурчагы экенин  айтып чыгып, абийирлери ачылат. Күтө туралы…

Нурлан Бишкек