Бишкектин борборунда эвакуатор жүктөп кеткен унаа балбан Айпери Медет кызыныкы эмес. Бул тууралуу Азия чемпиону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Өлкөнүн маалымат каражаттарында кечээтен бери туура эмес маалымат жүрүп жатат! Милициянын кайгуул кызматы Мээрим Жуманазарова экөөбүздүн унаабызды алмаштырып алыптыр. Мен жол эрежесин бузбайм, силерге дагы кеңеш берем», — деп жазды Айпери Медет кызы.

Кечээ, 28-апрелде социалдык тармактын колдонуучулары Айпери Медет кызы маалымат жыйынга кирип кеткенде анын унаасын эвакуатор жүктөп кеткенин жазышкан. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда, эгерде эвакуатор жүктөп кеткен унаа балбан кызга таандык болсо, «Ак-Жолтой» убактылуу токтотуучу айып короо жайынан алып кетсе болорун билдирген.