8 жылдан ашык шал оорусуна кабылган британиялык  Джейми Маканш Эвересттин базалык лагерине балдак менен жетүүнү көздөөдө. Бул тууралуу биринчи жолу «BBC Wales News» өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

Түштүк Уэльстин Торфаен округундагы Кумбран шаарында жашаган Джейми Маканш   алсыратуучу жана катуу ооруну пайда кылган Зудека синдрому менен ооруйт.

Джейми 2014-жылдын 6-январында уктаганын, бирок эртеси эртең менен  омурткасы үзүлүп, шал болуп ойгонгонун айтат. Ага CRPS диагнозуна жетүү үчүн дагы 13 ай талап кылынды, мунун универсалдуу дабаасы жок, бирок көбүнчө бейтаптар убакыттын өтүшү менен акырындык менен жакшырат.

«Эверестти жети жашымдан бери кыялданчумун. Физиотерапиядан өтүп жатып, мага максат жана иштөө үчүн бир нерсе табууну айтышты, мен: «Макул, менин максатым бар, мен Эверестке чыккым келет» дедим. Ошол учурда менин физиотерапевтим айтканы эсимде: «Жейми, мен сага эмнени айткым келет, кел, жок дегенде биринчи туруп алалы», — деген.

Анын Эверестке чыгуу кыялы, 2020-жылга пландалган сапары коронавирус пандемиясынан улам эки жолу жылдырылганын айтты. Эми Жейми Эверестти багындыруу ниетинде. Ал атайын ылайыкташтырылган балдактары менен базалык лагерге жетүү үчүн болжол менен 10 күн, түшүү үчүн дагы 4 күн талап кылынат деп эсептейт.