2022-жылдын  29-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин жыйындар залында  ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.

Коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал- лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Коллегиялык отурумдун негизги темасы катары республиканын ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, ИИОдо электрондук документ жүргүзүүнүн абалы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлгөн иш-чараларынын аткарылышы тууралуу маселелер талкууланды.

Коллегияда биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адыл Бийбосунов өз баяндамасында,  ички иштер органдарынын 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгилеп, коюлган тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы боюнча  баяндама жасады.

«Негизинен 3 айда Ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар жакшы иштер аткарылды. Ички иштер органдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарды десем жаңылышпайм. Элге сервистик кызмат көрсөтүү, ишмердикти чыңдоо, оптимизациялоо иштери жана социалдык абалды жакшыртуу жана эл аралык кызматташтык жана ченемдик, укуктук  актылар багытындагы иштер ийгиликтүү аткарылды. Ал эми санариптештирүү  боюнча ички иштер министрлигин өнүктүрүүдө өлкөнүн коомдук жайларына 2 миң 77 видеокамералар орнотулду. Анын ичинен, 136 видекамера аркылуу ИИМдин Ыкчам башкаруу борбору өлкөдөгү криминогендик абалды онлайн көзөмөлдөөдө.

—        Ички иштер органдарында электрондук форматта документ жүгүртүүнү ишке киргизүү максатында тиешелүү ишмердиктин жобосу бекитилип, министрлик атайын маалымат тутумга туташтырылган. Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Министрлер Кабинетине, Жогорку Кеңешке жана башка мамлекеттик органдарга жарандардын кириш, чыгыш кат-кабарлары жана кайрылуулары боюнча каттар Электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.

—        Өлкөбүздүн бардык нөөмөт бөлүмдөрүн, убактылуу кармоочу жайларын жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү камсыз кылуу максатында, республиканын бардык аймактарынан келген видеобайкоо камераларын бириктирген мониторинг борбору түзүлдү. 2022-жылдын башында санариптүү технологиялардын жардамы менен маалыматтардын алуусун ыкчамдатуу максатында ИИМдин нөөмөт бөлүмүндө “Видеодубал” (Видеостена) мультимедиялык жабдуулардын комплекси орнотулган.

—        Аталган комплексти орнотуунун негизги максаттары: республикадагы бардык нөөмөт бөлүмдөрүн бирдиктүү аудио-видео түйүн кылып бириктирип, аталган комплекс аркылуу чагылдыруу, республиканын аймактарында жайгашкан ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн жана кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн камералар аркылуу көзөмөлдөө, Кыргыз Республиканын аймактарындагы ыкчам кырдаалды камералар аркылуу көзөмөлдөө. Азыркы учурда ал мониторлор тутумуна Бишкек шаарынын 4 районунун нөөмөт бөлүмдөрү жана убактылуу-кармоочу жайлары, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү кошулду. 2022-жылдын ичинде республиканын бардык ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн жана убактылуу-кармоочу жайларынын кошулуусу мерчемделген. Ал эми кылмыштуулуктун абалын келсек ички иштер органдарына жалпы 11 миң 377 кылмыш иштери козголгон. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 46,0% азайган. Былтыр 4 миң 761 кылмыштар сотко жөнөтүлсө, быйыл 4 миң 919 жөнөтүлүп, салыштырмалуу 158 ишке же 3,3%га көп жөнөтүлгөн.

Республика боюнча былтыр 5 миң 983 кылмыштардын бети ачылса, быйыл 7 миң 477 бети ачылып, салыштырмалуу 1 миң 494 учурга же 25,0%га көп ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында 716 адамдан турган 271 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 694 кылмыштар жасалгандыгы аныкталган. Облустук жана шаардык милиция башкармалыктарынын жетекчилерине кайрылып, катталган кылмыштардын бетин ачуу, сапаттуу тергөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, айрыкча өздүк курамдын таалим тарбиясына да өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл»-, деди Адыл Бийбосунов.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы