Чек арадагы каргашалуу окуяда каза болгон 36 жарандын балдарына ай сайын жөлөк пул төлөнүп жатканын Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан каза болгон 36 жаранга  1 млн сомдон  компенсация  төлөнүп берилген.

«Урматтуу Баткен эли!

2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу үчүн эстен чыккыс тарыхый, оор күн болуп калды.

Анткени бул күндөрү Баткен облусунда каргашалуу окуя орун алып, бир канча үйлөр, соц. обьектилер өрттөлдү, жалпы кыргыз эли, кыргыз мамлекети кырчындай жигиттерибизди жоготтук. Тагыраагы  куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Мындан сырткары 173 жараныбыз ар кандай жаракат алышты. Мына ушул каргашалуу окуяга бүгүн 1 жыл болуп олтурат.

Бирок бул башка түшкөн оор сыноодо Баткен эли болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү. Ошону менен бирге кыйын кырдаалда Баткен облусун кыргыз элибиз өзүнүн айкөлдүгүн, ынтымагын жана биримдигин даана көрсөтүп, ар тараптан колдоого алды.

Жабыр тарткан айылдардын тургундарына, Баткен элине бүткүл  республиканын аймагынан, жада калса чет элде иштеп жаткан мекендештерибиз жардам колун сунушту. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун түз көзөмөлү, колдоосу менен чек арада жабыр тарткан үйлөр, социалдык обьектилер калыбына келтирилип, кошумча дагы бир нече элдин керегине жарай турган социалдык обьектилердин курулуштары жүргүзүлдү.

36 шейит кеткен патриот мекендештерибиздин жакындарын колдоо максатында Президентибиздин демилгеси менен толук шарттары бар 36 үй курулуп, алардын үй бүлөлөрүнө, жакындарына тапшырылды. Бир жыл аралыгында , чек арада өрттөлгөн 140 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди..

Аймак материалдык жактан да олуттуу зыян тартып, жалпы Баткен облусу боюнча келтирилген чыгымдар боюнча атайын республикалык бюджеттин эсебинен 84 млн 400 миң сом акча каражат бөлүнүп берилди.

Райондук денгээлде түзүлгөн жумушчу топтордун Актыларына ылайык бүгүнкү күндө окуяда жабыр тарктан жарандарга бир жолку акчалай жардам көрсөтүлүп берилүүдө.

Тактап айтканда мүлк, транспорттук каражаттар жана мал жандыктары жабыр тарктан жарандардын эсеп счетторуна которулуп берилүүдө.

Ошондой эле жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам боюнча айта турган болсок, жарандарга жалпысынан келген гуманитардык жардамдын болжолдуу салмагы 2021,6 тонна. Келген гуманитардык жардамдар толугу менен өз убагында жер жерлерге таркатылып берилди.

Ал эми КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 122 миллион 402 миң 729 сом эсебиндеги  сумма келип  түшкөн. Топтолгон каражатты бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, атайын эсептен жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү максатында, тийиштүү тармактарга которулуп берилди.

Ишкердик субъектилерге көрсөтүлгөн жардамдар боюнча:

Мамлекет тарабынан  окуяда жабыр тарткан экономикалык субъектилердин ээлерине жардам көрсөтүү максатында, республикалык бюджеттин эсебинен 14 млн 505 миң сом акча каражаты келип түшкөн. Анын эсебинен 90 ишкерлерге 14 млн 505 миң сомдук акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Мындан сырткары чек арадагы айыл тургундарын  моралдык жана психологиялык жактан колдоодо аларга Ысык-Көлдүн жээгинде жана башка санаторияларда мамлекет тарабынан жана жеке ишкерлер, активдүү жаштардын каржылоосу менен бир нече жолу эс алуулар уюштурулду.

Ошону менен бирге мамлекет тарабынан каза болгон 36 жаранга  1 млн сомдон  компенсация  төлөнүп берилди.

1 жыл аралыгында өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаров Баткен облусуна 3 ирет иш сапары менен келди.Иш сапардын алкагында Баткен облусунун аймагында 8 социалдык обьектилердин курулушу боюнча чечим чыгарып мамлекеттик бюджеттин эсебинен 250 млн сом бөлүп берген. Бүгүнкү күндө 1 ФАП, 2 бала бакча, 5 мектеп болуп жалпысынан 8 обьект пайдаланууга берилди.

Ошондой эле акыркы болуп өткөн окуядан кийин облус боюнча 8 стратегиялык маанидеги жолдордун курулуш иштерине 250 млн сом акча каражаты бөлүндү. Жалпы Баткен облусу боюнча 15,5 км асфальтобетон катмары төшөлдү. Бүгүнкү күндө курулуш иштери улантылууда.

Мындан сырткары, канатташ Өзбекстан Республикасы бир туугандыктын жана достуктун үлгүсүн көрсөтүп, Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу заманбап орто мектептин имаратын бүтүрүп пайдаланууга берди, ушундай эле экинчи мектепти Баткен районунун Самаркандек айылында тапшыруу алдында турат.

Дагы бир баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, кагылышуунун кесепеттерин тездик менен жоюу максатында 2021-жылдын 4-майында  Президент Садыр Жапаровдун “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыкты кабыл алынган. Мындан сырткары, 2021-жылдын 10-сентябрында Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынып, ишке кирди. Бул мыйзамда Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же болбосо жеңилдетилген тартипте көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси аныкталды. Ошондой эле облустун аймагында туруктуу иштеген, аскердик кызмат өтөгөн жарандарга бир нече артыкчылыктар каралды.

Аталган мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом өлчөмүндө кошумча компенсация төлөнө баштады.

Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, ага ылайык жылына 500 млн сомдон акча каражаты бөлүнүп берилет.

Мамлекет тарабынан чек арадагы каргашалуу окуяда каза болгон 36 жарандын балдарына ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул төлөнүп берилип жатат.

Албетте канчалык колдоо болбосун мекенчил атуулдарыбыздын ордун толтура албайбыз, бирок бул да болсо Президентибиздин, мамлекеттин колдоосу, аларга болгон урматы деп айта алам.

Мындан сырткары жалпы жардам колун сунган кыргыз элибизге, мекенден алыста жүргөн биздин мекендештерибизге жалпы Баткен элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан терээң ыраазычылык билдирүү менен чоң рахмат айтам. Өлкө башчыбыз белгилеп кеткендей. Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы!

Мындан ары мындай каргашалуу окуялар эч качан болбосун, өлкөбүз өнүгүп ар дайым тынчтык болсун!», — деп жазат ыйгарым укуктуу өкүл.