Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 16 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 29-апрелде милицияга Военно-Антоновка айылында жайгашкан темир жолдо жашы жете элек баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери барып, маркумдун аты-жөнүн аныкташкан, ал 2006-жылы туулган К.Р. аттуу бала болгон. Бул факты дароо реестрге катталып, учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.