Кыргызстандан жасалма ветеринардык документтерди колдонуу менен бодо малды жана майда мүйүздүү малды алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган схеманы ишке ашырууга Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т. аттуу жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган.

«Шектүү акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган. Кылмышка шектелип Ш.Н.Т жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты. Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.