Чаткал районуна эки чоң жана эки чакан ГЭС куруу күтүлүүдө. Бул тууралуу  райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Мындай маалымат район акими Алтынбек Сеңирбаевдин Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында эл менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Мындан тышкары, элдик жыйындарда айыл тургундары тарабынан негизинен, автоунаа жолдорун асфальттоо, комбайн, погрузчик сыяктуу кошумча айыл чарба техникаларынын жетишпестиги, суугат суунун тартыштыгы, суугат каналдарын оңдоо жана кайракы жерлерге суугат сууларын жеткирүү сыяктуу көйгөйлүү маселелер айтылды.

Район башчысы Сеңирбаев элдик жыйындардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, жаңырган жыл ичинде райондо бир топ албан жумуштар аткарылуусу күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.

«Атап айтканда, жакынкы мезгилдерде районго эки чакан жана эки чоң ГЭСтин курулушу жана курулуш иштерине жергиликтүү калктан 500дөй жумушчу тартылаары күтүлүүдө. Эгер бул долбоорлор ишке ашса, район калкы кошумча жумуш орундарына жана электр энергиясын пайдаланууда бир топ артыкчылыктарга ээ болмокчу», — деди ал.

Ошондой эле аким белгилегендей, быйыл райондун негизги автоунаа жолдорун асфальттоо иштери улантылып, жалпы 20 чакырымдан ашуун жолго асфальт төшөлмөкчү.