Бүгүн, 2-майда  пандемиядан кийин биринчи жолу Бишкектин Эски аянтында Орозо айтка карата  намаз окулуду.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Айт намазга 10 миңден ашуун шаар тургундары менен катар Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жогорку кызматтагы жетекчилер да келишти. Чогулгандардын алдында муфтий Замир Ракиев жана имамдар сөз сүйлөп, баяндама жасады.