Кувейт Мамлекетинин эмири Шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Куттуу Орозо Айт майрамынын белгиленишине байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Жараткандан бул майрамдын мусулман коомчулугуна тынчтык, боорукердик жана бакубатчылык алып келүүсүн суранам», — деп айтылат Шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын куттуктоосунда.

Кувейттин Эмири президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалады.