Борбор калаадагы эски аянтка айт намазын окуу үчүн 35 миңге чукул киши келгендигин Бишкек шаардык милициясынан кабарлады.

Белгилей кетсек, 2020-2021-жылдары коронавирустан улам айт намаз мечитте гана окулуп келген.

Буга чейин мэрия аталган жерге 10 миңге чукул адам келерин божомолдогон.