Бүгүн, 3-майда Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +22…+27

Талас облусунда +21…+26

Баткен облусунда +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустарында +22…+27

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +19…+24.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +29…+27 градуска жетет.