Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын катарларын кызматтын кызыкчылыгын саткандардан, ар кандай чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзам бузуучулардан жана милициянын беделине шек келтирген башка элементтерден, жалган милиционерлерден тазалоо боюнча тапшырманы такай коюп келет.

Муну менен катар ИИМдин Ички иликтөө кызматы өздүк курамдын арасында алдын алуу жана тарбиялык иштерди жүргүзүп, ошол эле учурда шалаакы, «көңүлү жок» кызматкерлерди жана жалган милиция кызматкерлерин аныктоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Бул Ички иштер министрлигинин принципиалдуу позициясы.

Ошентип, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектин «Чыгыш 5» кичирайонунан жалган милиционерди кармашты.

Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен каралган акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалган милиционер И.С. алдамчылык жолу менен өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын тургунун камакка алынасың деп эч кандай күнөөсү жок болсо да коркутуп, 150 миң сом акча опузалап талап кылган жана ал жаран ИИМге кайрылганга чейин андан 130.000 миң сом алгандыгы аныкталган.

2022-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте он беш миң сом акча каражатын алып жаткан учурда И.С. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Учурда Кыргыз Рреспубликасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы