Боз үйдүн ичинен чыккан “эжем-оой, айкөл элең, эже-ее—м, бир боорууум” деген кыйкырык, үшкүрүк, ый шамал менен чогуу  айылды аралап жаңырып жатты. Айыл апалар, эжени жоктоп ыйлап жаткан жакындарына кайрат айтып жатышты.

Кабагы бүркөлгөн, көздөрүнө ый, көкүрөгүнө муң толуп, эженин дүйнөдөн өткөнүн чындап жоктоп, кайгырып жаткан чындыгында бир эле багып алган кызы болду.

Гүлшан эже айылдагы эң сыйлуу, барктуу, ар бир сөздү орду менен сүйлөгөн кадырлуу карыя апа болчу. Каза болгонго чейин бир топ жакшылык иштерди жасады. Өзүнүн эки уулу бизнеси өнүгүп, иштери алдыга жылып, бардар жашоодо жашаган уулдар болду. Келиндерин өз кызынан артык карачу. Бир канча ирет апаны “шаарга алып кетели” дешти, бирок апа баш тартып, барбай койгон. Апасы таштап кеткен кызды багып алып эрезеге жеткирди. Балдарынын арты менен айылга көпүрө салып, колунда жокторго жардам берип, ал тургай бир туугандарынан бери багат эле. “Жок” деген сөздү эч айтчу эмес. Элдин баары мактап, апанын батасын алганга шашчу.

Мыкты аял балдарына да мыкты тарбия бергени апа жерге берилип келген соң билинди. Эки уулу үйүндө кемпир багып алган кызга “дайыма апабыз менен чогуу болдуң” деп үйдү  өткөрүп берип, унаа белек кылышты. “Турмушка чыкканда өз карындашыбыздай узатабыз” дешти. Уулдарынын бул чечимин жалпы журт колдоп рахмат айтышты.

Кызыгы апанын кыркылыгында жанагы кыздын “апасымын” деген арык чырай келин пайда болду. Апанын уулдарынан кызды талашып, анын “биологиялык энесимин, кааласаңар ДНК тапшыралы, силердин акчаңар көп” деп чыкты.

Айыл апалар, коңшу-колоң, “кыз сеники болсо ушунча убакыт эмнеге келбедиң, окутуп чокутуп, багып чоңойткон соң, байлык талашканы келдиңби” дешти.

Ошондо да апанын уулдары сабырдуулук менен жанагы келинди, эл тарап, өзүнчө калганда жай отуруп сүйлөшөлү деп жолго салышты.

Чогулган эл баары аң-таң. Кийин билсек, кызды апанын кичүү уулунун үйүнүн астына 3 жаш курагында бирөө таштап кеткен экен. Уулдары издеп ал келинди таппаган соң апа “өзүм багып чоңойтом” деп шаардан алдырган экен.

Байкуш келин эмне себептен таштады, жокчулук себеп болдубу, же күйөөсү кызыл камчы чыкканбы. Балким багар көрөрү жок, атайын дал ушул үйгө таштаганбы. Бирок, апанын уулдары айкөлдүк кылып, “эгер чындап кыздын энеси болуп чыкса жардам берип, чогуу жашай берет” деген ойду айтышыптыр.  Ал учурда айыл ичин түрдүү сөз аралады. “Ичкен келин экен, 3–4 ирет эрге тийиптир”.  “Байлык үчүн эле кызды талашып жатыптыр”.  “Кыз кабыл албайм менин апам бул эмес дептир”, деген.

Эл оозунда элек жок эмеспи, эң башкысы кечээки кетирген катасынан сабак алып, эртеңки күндү жаңыдан баштап, өз баласын бооруна басып, бактылуу күн кечирүү барып турган бакыт эмеспи. Ал эми эл айткандай чындап “көйрөңүрөөк” жеңил ойлуу келин  болсо, апанын балдары кызды кордотуп карап турбас чыгар.

Жазгүл Баяналиева

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.