Жакын арада Венгриянын «WizzAir» авиакомпаниясы тарабынан Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачуу тууралуу макулдашылды. Мындай маалымат 3-майда Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга жасаган расмий сапары алкагында белгилүү болду.

Будапешт-Бишкек-Будапешт түз аба каттамдарын ачуу Кыргызстан үчүн инвестициялык жана туристтик потенциалды өнүктүрүү жагынан маанилүү экени айтылды.

Венгрия министри иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугушууларды өткөрдү.

Эки өлкө ортосунда 2022-жылы жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун иши, долбоорлордун ишке ашырылышы, фонддун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин этап-этабы менен жогорулатуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери каралды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Петер Сийяртого Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин билим алуу квотасын жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маданий-гуманитардык кызматташтык алкагында Кыргызстандын Венгрияда жана Венгриянын Кыргызстанда маданият күндөрүн өткөрүү маселесин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

-Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери ортосундагы 2022-2025-жылдарга кызматташуунун жол картасына,

-Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга.