Кыргызстандан жана Кыргызстанга аба каттамдарды аткарган авиакомпаниялар бааларды жана тарифтерди улуттук валютада көрсөтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамдарында баа, комиссия жана тарифтер сом менен көрсөтүлүшү керек деп белгиленет.

Авиакомпаниялар бул эрежени 25-майга чейин аткарышы керектиги тууралуу расмий билдирүүлөрдү алышты. Болбосо 5 миң сом айыпка жыгылат.