Бишкекте унааны айдап качкан жаран аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-майда болжол менен саат түнкү 01:30 чамасында Бишкек ШИИББине Чүй көчөсүндө жайгашкан «Глобус» соода борборунун жанында токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, аны табуу иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.С. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.