“Мурас” достук футбол мелдешинин биринчи күнү аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тайпалык жана чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар жарым финалга чыгышты:

— “Президенттин администрациясы” / “Алга»”
— “Жогорку Кеңеш” / “Ыйман”.

Турнир эртең, 5-майда уланат. Түз эфир КТРК жана КТРК спорт телеканалдарында 12:00дө башталат.