Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм! Кылым карыткан кыргыз калкы ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттике умтулуп, эгемен Кыргызстаныбыздын кубаттуу, өнүккөн мамлекет болуусун эзелтеден эле эңсеп, илгери үмүт менен жашап келген.

Учурда биз жашап жаткан, колдонуудагы Конституциябыз дал ушул адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттайт. 2020-жылдын Октябрь окуяларында коюлган талап дагы, анын жыйынтыгындагы натыйжа дагы дал ошого байланыштуу.

Көз карандысыз Кыргызстандын биринчи Конституциясына 1993-жылдын 5-майында кол коюлгандыгы жамы журтка белгилүү. Мамлекетибиздин Баш мыйзамына 2021-жылдын апрелинде болгон референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) жыйынтыгына да өткөн жылдын 5-майында кол коюлду. Жалпы элдик добуш берүүдө мекендештерибиз өлкөнүн көз карандысыздыгын, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндигин бекемдеген Конституция үчүн добуш беришкен. Ошентип, жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу.

Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет. Өлкөбүздү өнүктүрүү ар бир жарандын талыкпас аракетине, анын натыйжасында жаралган ийгиликтерге, ар бирибиздин үй-бүлө, мыйзам жана Мекен алдындагы жеке жоопкерчилигибизге жараша болорун сезишибиз зарыл.

Күч-аракетибизди бириктирүү аркылуу бардык кыйынчылыктарды жеңип, өлкөнү өнүктүрүүгө бет алган иш-аракетибизди андан ары ийгиликтүү уланта алабыз. Ошондуктан, баарыбыз биргелешип, асыл ой-тилектерибизди ишке ашырууга чамдайлы!

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бакты-таалай жана бакубат жашоо, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалайм!».