Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Лондондун баалуу металлдар рыногу Ассоциациясынын (LBMA) “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун “Good delivery” (“ишенимдүү жеткирүүчү”) статусун калыбына келтирүү боюнча чечимин кубаттайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Министрлер кабинети LBMAнын “Good delivery»статусун калыбына келтирүү чечимин кубаттайт жана жогору баалайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргызалтын” ААКсы өткөн жылдагы эң ири алтын казуучу ишкананын кожоюну алмашкан окуяларда көптөгөн сынактарды тапшырып, текшерүү процедурасынан өтүүгө аргасыз болгон. Биз LBMAнын алкагында дүйнөгө ишенимдүү алтын жана күмүш өндүрүүчү катары милдеттемелерди татыктуу аткарарыбызды көрсөттүк. Мындан ары аффинаждоочу завод өз милдеттемелерин аткара берет », — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, кыргыз алтынынын дүйнөлүк рынокко толук кандуу чыгуусун калыбына келтирүү чечими Кыргыз Республикасынын азыркы президенти Садыр Жапаровдун командасынын адилет саясатынын дагы бир таанылышы болуп саналат.

«Биз элибиздин кызыкчылыгы үчүн жеңишке жетишүү менен гана чектелбестен, аны биринчи күндөн тартып эле убада кылгандай бардык эл аралык жана укуктук милдеттенмелерди толук сактоо менен аткара алдык», — деди Акылбек Жапаров.

LBMA кабыл алган чечимине ылайык өткөн жылдын сентябрынан бери бул статусту токтоткон мезгилде «Кыргызалтын» ААК тарабынан аффинаждалган алтын жана күмүштүн бардык көлөмүнө дагы «Good delivery» статусу тааныла турганын баса белгиленди.