КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 5-май  Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

1993-жылы дал ушул күнү кабыл алынган Конституциябыз жаӊы курулган кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөгө, өлкөнүн келечектеги башкы багытын аныктоого шарт түзгөн. Бирок, андан берки 29 жыл аралыгында бир топ өзгөртүүлөргө учурап, жаңыртылып келгени да жашыруун эмес.

Баш мыйзамыбыздын акыркы редакциясы 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүүгө сунушталды. Андагы өзгөртүүнүн негизги максаты мамлекет жетекчилеринин жоопкерчилигин арттырып, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүү экендигин жарандарыбыз жакшы түшүнүп, колдоого алды.

Кандай гана болбосун алгачкы Конституциябыз кабыл алынган күн — Кыргызстандын тарыхында маанилүү күн катары кала берет. Анткени алгачкы Конституциябыз өлкөбүздүн эгемендигинин башкы жол картасы болгон.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Конституциябыздын кабыл алынган күнү менен куттуктап, көп улуттуу өлкөбүзгө биримдик жана тынчтык каалайм. Ар бирибиз мыйзамды бекем сактап, эгемен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн талыкпай эмгек кылалы».