Кечээ, 4-майда Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева “Туруктуу туризм инклюзивдик калыбына келтирүүнүн өзөгүндө” деген темадагы жогорку деңгээлдеги тематикалык талкууга катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Тематикалык дебаттар БУУнун Башкы ассамблеясынын президенти Абдулла Шахиддин демилгеси жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму менен биргеликте уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммед, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун Башкы катчысы Зураб Пололикашвили, ошондой эле мүчө мамлекеттердин туризм боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

Туризм индустриясынын негизги катышуучуларынын ортосунда талкууга мүмкүнчүлүк берген “Fire side chat баарлашуу” форматында маалыматтуу талкуусу да өткөрүлдү.

Туруктуу өкүл өз сөзүндө Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн бай табигый жана экологиялык потенциалга ээ экендигин билдирди. Ошол эле учурда ал өлкөнүн туризм тармагы COVID-19 пандемиясынан улам курчуп кеткен көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилеп, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Туруктуу өкүл Аида Касымалиева менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун Башкы катчысы Зураб Пололикашвилинин жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө туризм тармагында пикир алмашуулар болду.