Бүгүн, 5-майда Кыргыз футбол бирикмеси жана Президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган футзал боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши уланып, командалар алдыңкы орундар үчүн таймашты.
Алсак, экинчи жарым финалда «Жогорку Кеңеш» командасы менен «Ыйман» командасы ойноп, 5-1 эсебинде парламент депутаттары жеңишке жетишти. Ага ылайык, финалда кайрадан “Президенттин администрациясы» менен “Жогорку Кеңеш” командалары беттешти.
Жеңиш үчүн кызуу таймаш өтүп, натыйжада Садыр Жапаров баштаган Президенттик администрация 7-3 эсебинде алдыга чыгып, биринчи орунду ээледи. Президент сыйлык үчүн берилген 1 млн сом команданын чечими менен балдар үйүнө тапшырыларын маалымдады.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы 12 команда катышкан мелдеште экинчи орунду багындырып, атайын кубок, диплом жана күмүш медалдарды алышты. Үчүнчү орунга легендарлуу «Алга» командасы жетишти.
Ошондой эле футзал боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин «Мыкты дарбазачысы» наамы депутат Эмил Жамгырчиевге ыйгарылып, грамота жана атайын сыйлык берилди.
Эскерте кетсек, алгач ирет мелдешке катышып жаткан Жогорку Кеңештин командасында Төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Дастанбек Жумабеков, Бактыбек Сыдыков, Нурлан Ражабалиев, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Марлен Маматалиев, Арсланбек Малиев, Замирбек Мамасадыков, Шаирбек Ташиев, Мурадыл Сыдыков, Бактыбек Чойбеков жана Ырысбек Атажанов ойноду.