Жума күнү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын аймагында +20…+25 градус болору айтылды.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын болбойт. Термометр борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +26…+28 градусту көрсөтөт.
Синоптиктер нөшөрдөн улам республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертишти.