Борбор калаадагы социалдык мекемелердин тарбиялануучулары жана жашоочулары үчүн Жеңиш күндүн урматына концерт уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Муниципалитет 9-майга карата атайын программа түзүп чыккан:

6-майда «Ардагер» (Күрөңкеев көч., 89) деп аталган шаардык геронтологиялык борбордо концерт болот. Башталышы саат 14:00дө;

8-майда Бишкектеги стационардык мекемеде (Абай көч., 93) уюштурулат. Башталышы саат 10:00дө. Ушул эле убакытта Адаптация борборунун (Курчатов көч., 70) тарбиялануучулары үчүн концерт берилет;

8-майда «Айданек» (Сатыбалдиев көч., 97) аталышындагы жашы жете электерди каттоо борборунун тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулат. Башталышы саат 11:00дө.