Мончого түшүү организмди чыңдап, токсин, шлактарды чыгарат. Бирок эки эрежени сактабаса, ден соолукка зыянын тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, терапевт Алексей Хухревдин айтымына таянып РИА Новости жазды.
Медик белгилегендей, башкысы адам 95 градус ысыкта көпкө кармалбашы керек.

«Мончого түшүүдө организмди кыйнаган болбойт. Эгер алсыз болуп, дем алуу кыйындап баштаса, анда дароо чыгып, сууга чайканып алганы оң», — деген Хухрев.

Ал мончого түшөр алдында бардык суусундук болбой турганын да эскерткен.
«Спирт ичимдигин ичип алып мончого түшкөн туура эмес. Бул суусундук организмдин терморегуляциясын бузат. Андан көрө кадимки эле суу ичип алгыла. Мончодо адам тердеп, организмдеги нымдуулук кетет. Суюктук ичип турбаса кан катып, адам суусайт», — деген дарыгер.
Буга чейин медиктер сасык тумоолоп жатканда мончо же ысык ваннадан оолак болуу керектигин эскерткен.