Бүгүн, 7-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, башкы аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +24…+29
Талас облусунда +23…+28
Баткен облусунда +26…+31
Ош, Жалал-Абад облустарында +26…+31
Ысык-Көл облусунда +16…+21
Нарын облусунда +16…+21.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +27…+29 градуска жетет.