Бүгүн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде эл аралык радио күнү белгиленет. 1895-жылы 7-майда орус физиги Александр Попов алгачкы радиобайланышты сынап көргөн. Ошол күндөн баштап жыл сайын 7-май –радио күнү катары белгиленип келет.

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп эсептелген. Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулган.

1945- жылы 7-майда СССР радио күнүнүн 50 жылдыгына карата чоң иш-чара өткөргөн.

Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Ал кезде кыргыз радиосунда болгону 10 чакты гана диктор иштечү.  Учурда өлкөдө 50гө жакын радио иш алып барат. 7-май-Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин кесиптик  күнү катары белгиленүүдө.