Кечээ, 6-майда Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Чыгыш (Восток) багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, жолугушуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Чанач-Сай жерлигинде өткөн.

Анын жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын Кыргызстандын үч жаранына каршы курал колдонуп, кийинчерээк алар октон алган жараатынан каза болгон чыр-чатактын чоо-жайы боюнча өз версияларын айтышты.

Кыргызстандын чек ара өкүлү Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонуунун себебин түшүндүрүүнү талап кылды.

Мындан тышкары, кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2 тонна селитра табылган.

Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматы боюнча, өзбек чек ара кезмети чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышкан жарандарды аныкташкан.

«Чек ара бузуучуларды кармоого аракет кылып жатканда чек араны бузгандар өзбек чек арачыларына таш ыргытып, аларды Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет кылышкан. Өзбек аскер кызматкерлери жарандарга каршы курал колдонууга аргасыз болушкан», — деди Өзбекстандын өкүлү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишти:

— чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда чек ара кезметине курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;

— кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;

— Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш.

Мындан тышкары, чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактарынын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Чыр-чатактын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Ала-Бука районундук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргызстандын үч жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, саат 18:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

Эскерте кетсек, 5-майда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын 3 жаранына карата курал колдонуп, алар кийин ооруканада октон алган жараатынан улам каза болушкан.